Айыл тургуну Мээрим комузду нотасыз чертүүнү өзү өздөштүргөн

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.

-Саламатсызбы! Сиз комуз өнөрүнө кантип байланып калдыңыз жана канча жашыңыздан чертип баштагансыз?


Мен өзүм мектепте окуп жүргөндө эле комуз чертүүгө кызыкчумун. Анан 3-класстан баштап, өзүм чертип аракет кылып журдум. Андан соң 9-классымдан эч кимдин үйрөтүүсү жок эле өз күчүм менен үйрөндүм. Ошол кездерде «Жаш таланттарга» барып журдум. Комузга болгон кызыгуум кандай пайда болду билбейм.

-Комуз чертүүңүзгө эмне түрткү болду эле?

Түрткү деле болгон эмес, өзумдун эле тубаса талантым го бул да болсо.

-Үй-бүлөңүз сизге кандай колдоолорду көрсөтүп турушат?

Көз караштары абдан жакшы, талантымды сыйлашат. Азыр мен Нарынга барып комуз чертүү боюнча 1000 сомдон төлөп, нота менен черткенди үйрөнүп окуп жатам, бул нерсе окуучуларга сабак беришиме өтө керек. Негизи нотасы жок эле чертем. Эгер нота менен балдарга үйрөтсөм, бат үйрөнүшөт жана жеңил болот.

-Канча куу черте аласыз?

Негизи ырлардын дээрлик бардыгын эле чертем жана болжол менен 15 күүнү билем.

-Комуз чертүү өнөрүнүздү балдарыңызга үйрөтүү же мурас калтыруу оюңузда барбы?

Балдарымдын өзүлөрүнүн ниети жана шыгы болушу керек да. Кайсы балам үйрөнүп кетээри азырынча билине элек. Аларга атайын деле черткиле деп мажбурлабайм, анын үстүнө алар кичине. Буюрса бул өнөрдү деле аркалашса аздык кылбас жана аларга колумдан келишинче жардам берем.

-Негизи өзүңүздүн кесибиниз кайсы?

Мен Токмоктогу Республикалык маданият колледжин бүтүргөм. Иштеген ишим кесибиме туура келет. Өзүм кызыгып жүрүп ошол нерсеге жетишкем.

-Өзүңүз чыгарган күүлөрүңүз барбы?

Жок мен чыгарган күүлөрүм жок. Ал үчүн чоң эмгек, чоң күч-кубат керек. Бирок буюрса ушул нерсени үстүнөн да иштеп жатам.

-Комуз чертуу менен кандай тасир, кандай дем-күч аласыз?

Бош кездерде чертип же ырдасам мээм эс ала түшөт. Башкача айтканда комуз менин жан дуйнөм. Мага комузсуз жашай албачыдай сезиле берет.

-Мындан башка кандай кыргыздын аспаптарын черте аласыз?

Азырынча кыл кыякты өзүм өздөштүрүп атам. Ананда пианинону да ойной алам, аны да өзүм үйрөнгөм. Ямаханы да билем, үй шартына байланыштуу ямаха жок, бирок көрүп калган жерден ойнойм.

-Мектепте комуз ийримин пландап жатасызбы?

Комуз ийримин ачайын деп бир жылдары аракет кылгам. Мурун үйрөткөн эки окуучум бар, бир окуучумдун өзүндө комуз бар экен, өзү бат эле үйрөнүп кеткен. Менде шарт жок болгондуктан, окуучуларымды үйгө окутуп калдым, үйдө да балдарым окуучуларыма тоскоолдук кылып, ийримимди токтотком. Ушул жылы кабинет алып баштайлы деп жатабыз, буюрса февраль айы менен комуз ийримин баштап калабыз.

-Келечектеги пландарыныз кандай?

-Өзүмдүн иштеп аткан иштеримди алдыга сүрөп жана таланттуу окучуларды концерттерге даярдап, андан сырткары дастан айттырып, «Жаш таланттарга» барышына түрткү болуу пландарым бар. Анан буюрса, ушул 8-мартта же Ноорузда концерт уюштурайын деп жатам. Ошого он окуучу  чыгарып таланттарын көрсөтөйүн деген оюм бар.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу.