Мектеп ашканасынын ачылышы болду

      Ashkana

Бүгүн 22-январда Жайыл районунун Кара-Суу айылында Кара-Суу орто мектебинин ашканасынын ачылуу аземи болуп өттү.
Ачылуу аземине Жайыл районунун Билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Мистегүл Меселимова, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа Дженбаева, Кара-Суу орто мектебинин директору Нургүл Алиева жана Кара-Суу айылынын тургундары катышты.

Презентацияда Насипа Дженбаева бул долбоордун кантип ишке ашкандыгы тууралуу айтып, дагы кандай иштерди максат кылып койгондугу тууралуу айтып, долбоорду ишке ашырууда айылдын тургуну Марипа Каралаева жана мектептин директору Нургүл Алиева активдүү катышканын айтты.

Аземдин аягында мектеп окуучуларынын чакан концерти көрсөтүлүп, келген коноктор ашкананын кандай жасалганын көрүштү.
Ошентип, Кара-Суу орто мектебинде окуучулар жаркыраган ашканада тамактанмак болушту. белгилей кетсек, бул иш-чара «Өнүктүрүү саясат институту» тарабынан каржыланды.

Даярдаган: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев