Аскерге чейинки даярдык сабагын өтүү жакшырды

232

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек кылышты.

Аталган айыл тургундары райондун жаштарынан куралган «Тогуз-Торо жаштар биримдигинде» мүчө болгондор. Алар бул мектепке берилген белектерибиз аз болсо дагы жардамын тийгизип, жана жаз айларында «Мен аскер адамы болгум келет» деген аталыштагы Тогуз –Торо жаштар биримдиги уюштура турган сынакка даярдануу максатында, ошондой эле аскерге  чейинки даярдык сабагын өтүү үчүн жардамын тийгизет деген ойдобуз деп айтып өтүштү.

Бул тапшырылган баннерлер аскердик чиндердин даражалары жана атылуучу куралдардын түзүлүшү боюнча жасалган. Өрт коопсуздугунда кийилүүчү жабдыктар дагы тапшырылды.

Даярдаган: Азем Маратова