Кызыл-Жылдыз айылында кыска метраждуу кино тартылып жатат

91

 

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетинин теле-коммуникация факультетинин студенти Бекназар Арыкбаев курстук ишин тартып жатат.

Маалыматка караганда курстук ишти тартканга атайын топ түзүлүп келген.

Бул  тууралуу Бекназар Арыкбаев буларга токтолду:

“Биз Кызыл-Жылдыз айылын тандап алганыбыздын себеби, биз илгерки жашоону  чагылдырышыбыз керек болчу. Бул Лев Толстойдун “Анна Каренина” чыгармасынын тарбиялык мааниси өтө зор болгондуктан, мен ушул чыгарманы тандадым.”

Б үбүсараБейшеналиева атындагы университеттин теле-коммуникация факультетинин мугалими Эркин Шейшеналиев, режиссер өзү камеранын астында туруп, актердун жумушун билгенде гана, ал топко команда бергенге даяр болот дейт:

“Биздин университетте теле-коммуникация деген факультет бар. Ал жерден кино-режиссерлор, кино-операторлор жана үн- режиссерлор даярдалып чыгат. Биз бул жакка окуу программасына ылайыктап  келгенбиз. Балдар 1-курсту  окуп жатканда өздөрү сценарий жазышып, ошону камерага түшүрөт. Ал эми 2-курска келгенде дүйнөлүк классиканы окуп, ошол чыгарманын кыскача бир эпизодду алып ошону экрандаштырат. Мына ошол студенттердин ичинен Бекназар Лев Толстойдун “Анна Каренина” аттуу чыгармасынан кыскача эпизодду тандаган. Биз Бекназардын айылына келип ошол эпизоддун негизинде иштеп жатабыз.”

Даярдаган: Аман Шаршенбеков

 

      Syjet-Mixdown-1