Балдар бош убакытын кантип өткөрүшөт?

219

 

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы балдар бош убактысын асман алдында муз тээп жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар менен өткөрүшөт.

 

Бул тууралуу Кара-Чий жамааттык мультимедиа борборуна айылдын жаш тургуну Айдар Мелисбек уулу буларга токтолду:

“Мен бош убактымды ушул жакта өткөрөм жана мага кышкы эс алуу дагы абдан көңүлдүү болду. Биздин айылда спорт зал жок болгондуктан, бул жерге келип чана тээп, хоккей ойнойбуз.”

Айылыбыздын дагы бир жаш тургуну 6-класстын окуучусу Талант Шаршанбек уулу биз бош убактыбызды чана тепкенден тышкары тай минип, жарыштырып ойнойбуз дейт:

“ Биз үйлөрүбүзгө суу алып келип, малдарды тейлегенден кийин уюшуп алып тайларды минип алып жарыштырабыз.“

Даярдаган: Аман Шаршенбеков