Айылды калың кар каптады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында 12-январдан бери кар жаап, айылды жана жолдорду калың кар басып калды.Кардын калың жаашы айылдын-борбор менен карым катнашын бир топ кыйындатты. Жеңил машиналардын көпчүлүгү жолдон жүрө албай турган болду.Учурда Жайыл районунун жолду эксплуатациялоо башкармалыгы тез чечим кабыл алып, райондун ылдый жактарында жайгашкан айылдардын жолун грейдер менен күн сайын тазалап жатышат.
Бүгүн, 16-январда, таң атпай Кара-Суу айылынын жолун, мектептин кире беришине чейин грейдер сүрүп, тазалап кетти. Айыл тургундарын Жайыл районунун жолчуларынын ыкчам иштеши айыл тургундарын кубантты.

Даярдаган:Султаналы Чакчагаев