Жаштар маданият үйүнүн имаратын оңдоп жасашты

2017-жылда Кара-Суу айылынын жаштары чоң көйгөй болгон айылдын маданият үйүнүн имаратын оңдоп- түздөп, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге бул имаратты жаштар машыга турган жайга айлантууну чечишти.
Бул имарат тууралуу “Ак кептер” иштеп баштагандан бери үч-төрт репортаж чыгарып, айыл өкмөткө кайрылып, Эмне кылсак айылдын клубу ремонттолот?- деген суроолорду койду эле.


Кара-Суу айыл өкмөтү буга чейин: “Бюджетте имаратты ремонт кылганга каражат жок”, деп келишкен.
Ондогон жылдары иштебей турган айылдын маданият үйүн ремонттоого айылдын жаштары өздөрү киришип, айыл өкмөтүнө кайрылып, демөөрчүлөрдү издеп табышып, жай мезгили бою ремонттошуп, ар кандай спорт эмеректерин сатып алышып, суу киргизишип коюшту.
Бирок жаштар, жаңы имарат салганга көп каражат керек экендигин айтышып, азырынча сыртын жылуулап, эшик-терезелерин которуп, суу киргизип, аристон коюп коюшкандыгын айтышты.
Бул имаратты оңдоодо айылдын төмөнкү жаштары абдан жакшы эмгек кылышты: Турсуналиев Талант, Чакчагаев Кыдыраалы, Какешов Адилет, Токболотов Жанат, Колбаев Калмырза.

Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова