“Нур бала” уюму кайрымдуулук менен алектенет

28
      Nur-bala-1

Азыркы учурда Талас шаарында моралдык жана материалдык жактан, ден -соолугуна байланыштуу жардамга муктаж балдардын саны жок эмес. Мындай балдарга жардам берген “Нур бала” коомдук фонду 9 жылдан бери иштеп келет.

Коомдук фонддун жетекчиси Наргиза Сапарбаеванын айтымында:

Биздин фонд мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга моралдык жактан, материалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн негизинде ачылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан тышкары тоголок жетим, жетим, социалдык жетим жана үй- бүлөлүк кыйын шартта жашаган балдарга жардам беребиз. Биздин уюумдун ишинин натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин Талас облусунда жети реабилитациялык борбор ачылган, Талды-Булакта “Таң нуру”, Таласта “Теңир колдо”, Көк-Ойдо “Бекнур”, Ак-Дөбө айылында  “Ак-Тилек”, Манас районунда “Аярбала”, Кызыл-Адырдан “Аяржан”. Бизде мындан тышкары, көптөгөн долбоорлор болгон жана алардын арасынан эң негизги долбоорубуз  саан уй долбоору болгон, биз Талас облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, өтө оор шартта жашаган жана чоң оорусу болгон балдарга уйду жардам катары  тартуулаганбыз, азыркы күндө Талас облусундагы бүт айыл аймактарды камтып жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ал эми азыркы күндө бизде беш жүздөн ашуун балдар уй менен камсыз болгон.  Негизинен эле бул уюмду Турдугулова Жылдыз, Зарина Турукманова жана мен Сарталиева Наргиза үчөөбүз демилгелеп ачканбыз. Биз негизи 2009-жылдарга чейин 2008-жылдары “EVERY CHILD” деген чоң уюм бар болчу жана биз ал жакта эмгектенчүбүз. Бирок кийин кандайдыр бир себептер менен ал уюм жабылып калды, негизинен эле биз ал жакта иштеп жүрүп, биз элестеткенден да көбүрөөк мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экенин билип, кийин ал уюм жабылса да, биз үчөөбүз ушул Талас шаарында азыркы күнгө чейин иш алып барып жатабыз.

“Нур бала” фондунда жардамчы мугалим болуп эмгектенген Асел Бектурсунова айымдын айтымында:

Мен “Нур бала” коомдук фондунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууга жардам берип иштейм. Азыркы учурда сентябрь айынан баштап май айына чейин эки баланы Талас шаарындагы №1 орто мектебинде окутуп жатам. Албетте, азыркы учурда кыйынчылыктар болуп жатат жана мунун натыйжасы да ата- энелерге көз каранды. Себеби, мен канчалык аракет жасабайын үйүнөн да ата- энеси көз салып туруусу зарыл.

 

Даярдаган: Тимурова Толгонай