Окуучулар мектепке баруу учун 5 километр жол басышат

337

Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылынын мектеп окуучулары 5 км алыстыкта турган Тунук айылына жөө келип билим алышат.

Себеби, Кайсар айылында отузга жакын гана үй-  бүлө жашагандыгына байланыштуу толук орто мектеп жок. Даярдоо классынан 4-класска чейинки окуучулар үч бөлмөлүү тар мектепте окушат. Быйыл 1-классына эки гана окуучу баргандыктан, алар үчүн класс ачылган эмес. Учурда ал эки окуучу Тунук айылына жоо барып келишет. Кышында мектепке барып келүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу мектеп окуучулары айтып беришти:

-«Мен Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 8-классында окуйм. Биз эртең менен саат 8:30 да окуйбуз. Азыр күн кыскарып калганына байланыштуу эртен менен караңгы болуп, суукта үшүп барабыз. Мен эртен менен саат 6:30 да туруп, уйдон 7:30 да чыгам. Кээде кечигип да калабыз, ал учурда мугалим бизди түшүнөт. Биз кээде 3-4 күн же бир жумалап да мектепке барбай калабыз. Мисалы, кышында кар көп жаап жолдор жабылып калат, ал эми жазында жолдор баткак болуп бара албай калабыз.
-«Менин атым Эсенова Назира, 6-классында окуйм. Мен түштө саат 13:10 до окуйм. Биз кечинде кеч тарайбыз. Күн кыска болгон убакта бизди мугалимдер 4-5 сабактан кийин таратып жиберет. Биз чогулуп кеткенге аракет кылабыз.Кечинде келе жатканда коркобуз, жолдон машиналар өтсө тосуп тушуп кетебиз. Ал эми кышында чаналарды тособуз».

Кайсар айылынын тургуну Бактыбек Байчекиров бул маселе чечилбейт го деген ойдо мындай деди:

“Бул нерсе 1-орунда турган көйгөйлөрдүн катарында. Балдарыбыз күн суукта, 5км алыстыктагы Тунук айылына жөө барып окуп келишет. Ден соолуктарына да зыян алып келип, өтө эле чоң көйгөй жаратууда. Ооруп калган учурларда сабакты көп калтырышат.”

9-класста окуган Эдилдин апасы Рыскан Бейшенбаева кышында эле эмес жазында да бул көйгөй болоорун айтты:

“Негизи сентябрь айларында барып келген оңой эле, кыштын күнүндө суук болгон учурда барып окуп келүү кыйынчылык жаратат. Жаз айларында жолдун баары баткак болуп окуудан калууга туура келет. Кээ бирлери ат менен барып келип окушат.”

Кайсар  айылынын башчысы Мырзакмат Кожоналиевден бул маселени чечүү жолдорун билип көрдүк:

“Кайсар айылы Тунук айылынан 5км алыстыкта жайгашкандыктан балдардын күнүгө басып өткөн жолу 10км болуп калат. Мектепке барып келүү көбүнчө кыш мезгилинде оорчулук туудурат. Себеби күн кыска, балдар эртен менен эрте карангыда жолго чыгышат. Карангыда чөөлөр ж.б ар кандай жарткычтар да болушу мүмкүн. Албетте, биз жогору жакка да кайрылдык. Ушул айылга окуучуларды мектепке алып барып, кайра алып келгенге техника бөлүп берүүсүн сурадык. Бирок азыр эч кандай толук маалымат жок, жооп да келе элек. ”

Айыл тургундарынын айтуусуна караганда  техника маселеси чечилсе окуучулардын терен билим алуусуна шарт түзүлмөк.

Даярдаган: Назима Акишбек кызы