Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

138

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жамааты жана аппарат кызматкерлери өз демилгеси менен Талас шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде акчалай жардам көрсөтүштү.
Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган даректери боюнча үйлөрүнө  барып, ден-соолуктарын сурап, Жаңы жылы менен куттуктады.

Ошону менен катар, фемида өкүлдөрү сот системасында көп жылдан бери иштеген эмгек ардагерлерин эстен чыгарбай, ар дайым алар менен баарлашып, соттор уюштурган салтанаттуу иш-чараларга чакырып келүүдө. Кезектеги Талас облустук сотунун судьялары менен кезигишүүнүн биринде Кыргыз Республикасынын  сот тутумунда көп жылдар бою судьялык  кызматта эмгектенип, ардактуу эс алууда жүргөн, бүгүнкү күндө адвокат катары иштеп келе жаткан, эмгеги сиңген юрист Кенжебек Султаналиевге Талас облустук сотунун төрайымы “Отставкадагы судья” деген күбөлүгүн тапшырды.

Кенжебек Султаналиев өз кезегинде ыраазычылык  сөздөрүн  айтып, мындан ары дагы сот жана сот системасын өркүндөтүү үчүн өз эмгегин жумшарын ишендирип кетти.

Белгилей кетчү нерсе, Кенжебек Султаналиев бүгүнкү күндө да адвокат болуп эмгектенип, сот реформасын ишке ашырууда салымын кошуп келет, сотторго жана жалпы сот системасына ишеним көтөрүү боюнча өз жардамын көрсөтүп, коомчулукта ар кандай түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүп келүүдө.

Даярдаган: Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Назгуль Кулушева