Айыл тургуну Мария апага үй салынып берилди

“Ак кептердин” мурунку чыгарылыштарында айылдын тургуну Мария Исаеванын жашоо-турмушу, үй- жайы тууралуу маалымат чыгарылган. Анда Мария апанын үйү кулап кала тургандыгы тууралуу айтылып, ким бул апага жардам берет деп, суроо коюлган.

2017-жылдын күзүндө Мария апага эки бөлмөлүу кичине үй салынып берилди.


Мария апага жардам бергендерди айта кетсек, Кара-Суу айыл өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаты Исаева Динара Шерматовна, ишкер Кадыркулов Роберт Жумабекович жана Кара-Суу айылынын жаштары.
Динара Исаева 50 миң сом бөлүп берсе, Кадыркулов Роберт цементин алып берген, ал эми Талант Турсуналиев жетектеген жаштары үйдү тургузуп беришти.

Ошентип, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен Мария Исаеванын бир чоң түйшүгү чечилди.

Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, Гулзада Бейшенбекова