Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулууда

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулуп жатат. Мындай спорттук жай шаардын аймагында биринчи жолу ишке киргизилгени турат. 

Футбол аренасынын курулушуна Жайыл районунун администрациясы жана Кара-Балта шаарынын мэриясы жана башка мекемелер өз жардамдарын аяшкан жок, колдон келишинче куруучуга жардам берип, колдоп жатышты.
Бул спорттук имарат шаардын өйдө жагында (почтовыйда), шаардык мэриянын имаратынын жанынан орун алды.
Футболдук аренаны курган Кара-Балта шаарынын тургуну Тыналиев Тынчтыкбек Базаркулович.
“Бул спорттук имараттын курулуусу шаарыбыздагы спорттун өнүгүүсүнө чоң жардам берет жана ошондой эле шаардын тургундарынын ден соолугун чыңдоого да аз да болсо өз салымын кошот деп ойлойм. Сырттагы аба ырайына карабай бул аренада ар кандай спорттук оюндарды өткөрүп турса болот жана Кара-Балта шаарында футбол оюнунун өркүндөп, өсүүсүнө көмөк көрсөтөт деп ишенем”,- дейт Тынчтыкбек Базаркулович.
Бул аренанын узундугу – 43 метр, туурасы – 23, бийиктиги болсо – 12 метрди түзөт.
Жабык футболдук аренанын курулушу бүтөрүнө жакындап, ачылыш аземи болгону турат.

Даярдаган: Султаналы Чакчагаев