«Радиомосттун» ыктыярчысы ийгиликтерге жетишүүдө

184

Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Гульнура Жолдошбекова англис тилине кызыгат. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык окуу жайында окуйт. Буга чейин чет өлкөдө билим алып келүүгө да жетишкен.

Мен 19 жаштамын жана окуу жайга чейин Кара-Суу айылында окугам, андан соң бир ишке киришейин деген ойдо англис тилине кызыгып, Талас шаарындагы балдарга билим берүүчү борбордо англис тилин үйрөнүп кызыга башдадым. Менин оюмча мага ошол убакытта түрткү берген менин англис тилчи мугалимим болду. Андан соң Талас шаарындагы «Радиомостко» келип көптөгөн жакшы маалыматтарды алып, элдер менен кандай сүйлөшүү керек экенин үйрөнүп, ар кандай жакшы радио берүүлөрдү алып барып, деги эле жалаң жакшы жакка калыптанып, азыркы учурда мага ошолордун жардамы абдан тийип жатат. Мен англис тилин үйрөнгөндөн кийин Америкага өтүүчү тест келип, алардын үч турунан өтүп, Американын мектебине бир жылдык окууга өттүм, ал жактан жалаң гана жакшы жактарды үйрөнүп, азыркы учурда окуу жайда окуп, алдыда жакша ой максаттарым бар.

 Даярдаган: Толгонай Тимурова