Мектеп бүтүрүүчүлөрү айылда жаңы жыл майрамын уюштурду

269

Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы  жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классы айыл тургундарын  келе жаткан жаны жылы менен куттуктап, 29-декабрь күнү жаңы жылдык кече өткөрүп беришти. Акыркы коштошуу кечеси болгондуктан жогорку деңгээлде даярданышкан.

Кечеге айыл тургундарынан тышкары мугалимдер, ата-энелер жана 9-класстан жогорку класстын окуучулары катышып, бүтүп кеткен студенттерден дагы келишкен.

Кече ыр-бийлер жана тамашалар, оюндар менен коштолуп, лотерея дагы ойнотулду.

11-классынын окуучусу Айгерим Адикова кече тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду:

«Биз бул жаңы жылдык кечеге жогорку деңгээлде даярданганбыз. Сахнаны жасалгалоого 500 шарик колдондук. Атайын клиптерди жасаганбыз.

 Айыл тургундарынын суранычы менен 31-декабрь күнү кайталап коюп берүүгө жетиштик. Бийге формаларыбызды окшош кылып тиктирдик. Кыска убакыттын ичинде башталгыч класста сабак берген мугалимибиз Мээрим Токтошева бизге форма жагынан жардам берди. Кыздар дагы, балдар дагы жылдагылардан өзгөчөлөнүп окшош кийиндик. Бул күндөр биз үчүн эсте каларлык болду. Бардыгына жакты деген ойдомун».

 Даярдаган: Үмүтай Аттокурова