«Ырыскелди» дүкөнү сапаттуу эмеректерди сатууда

366

Адамдын көркү чүпүрөк дегендей эле үйдүн көркү анын жасалгасында. Мисалга алсак, ар бир эле үй кожойкеси өзүнүн сулуулугуна эле көңүл бурбастан, үйүнө дагы көбүрөөк басым жасайт. Бирок бир гана үйдү жасалгалап коюууда эмес, аны туура, таза кармоо да ар бир үй кожойкесине тийиштүү, бирок ар бир буюм көпкө сакталуу үчүн буюмдун сапаты жакшы болуу керек. Азыркы учурда Талас шаарында  эмерек дүкөндөрүнүн саны арбын. Алардын арасынан Ырыскелди дүкөнүнүн мүдүрү Бакыт Жанатбековдун айтымында анын дүкөнүндө эмеректин бардык түрлөрү кездешет:

«Мен бул эмерек дүкөнүн 2002-жылы сатып алгам, азыркы учурда Бишкек шаарындагы эмерек жасоочу дүкөндөр менен келишим түзүп иштешип жатам. Ал эми дүкөндүн аты «Ырыскелди» болуп калганынын себеби, биринчиден баламдын аты Ырыскелди, экинчиден кыргызда сөз бар эмеспи ырыс кешиктүү болсун же деги эле ушу бизден алынып кетилген буюмдар ар бир үйгө ырыскы алып келсин деген максатта  койгонбуз. Бизде үйгө керектүү баардык буюмдар бар, алардын арасынан эң жөнөкөйү 10000 сомдон өйдө, ал эми булгаарыдан жасалгандары 20000 сомдон жогору».

Талас районунун Кара-суу айылынын тургуну Динара бул дүкөндүн эмеректеринин сапаты жогору экендигине токтолду:

«»Ырыскелди» эмерек дүкөнүнөн дайыма соода кылып турам, анткени саткан буюмдары сапаттуу жана арзан. Ал эми кардарларга кылган мамилеси да абдан жакшы».

Азыркы учурда Талас шаарында эмерек сатуучу дүкөндөрдүн саны арбын. Эмерек сатуучу дүкөндөрдүн көбөйүүсү ар бир адамга тандоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, жакшысын жана арзанын сатып алууга шарт түзүүдө.

Даярдаган: Толгонай Тимурова