Айылга таза суу чыгарылды

306

Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.


Бул иш чараны ишке ашырган айыл тургуну Бегимбай Чотуров мындай деди:

”Менин бул сууну чыгаруу көптөн берки ойлорумдун бири болчу. Айылдагы тургундарга таза суу маселеси көйгөй жаратып келген. Ошол себептен бул нерсени колго алып, кыштын суугунда жаш балдар, жалпы эле тургундар алыскы өзөндөн суу алып кыйналбасын деп бул оюмду ишке ашырдым десем болот.

Буга эч ким демөөрчүлүк кылган жок, жеке өзүмдүн каражатым менен чыгардым. Айыл элинен Кара-Суудагы булактан сууну тартып келүүгө ашар жолу менен жардам беришти. 1460метр суу түтүгү керектелди. Жалпысынан 50 000 (элүү миң) сом  каражат кетти.”

 

Таза суу чыгарылганына кубанган айыл тургундарынын бири Зулайка Алымкулова суунун чыгарылганы абдан жакшы нерсе болду дейт:

«Таза суу көптөн берки эң чоң маселелердин бири болчу. Мына ушуну чечип берген Чотуров Бегимбайга терең ыраазычылыгымды билдирем».

Бегимбай Чотуровго Сары-Булуң айыл өкмөтү тарбынан “Ардак грамота” тапшырылды.

Даярдаган: Марат кызы Азем