23 жаштагы Айзада кышкы байпак түйүп киреше табат

28

Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн:

«Мен Нарын шаарында төрөлгөм. Мектепти 2013-жылы аяктагам, ошол учурдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кийин Кара-Талаа айылына келин болуп келдим. Кол өнөрчүлүктү апам менен таенемден үйрөнгөм. Көбүнчө байпактарды, башмактарды түйөм. Кичинекей балдардын топуларына, башмактарга буйрутма көбүрөөк түшөт. Азырынча айылдын ичинде сатып жатам, буйрутма бергендер көбөйүп жатат.

Тапкан кирешеме жиптердин түрүн алып коём. Апама барып же интернет аркылуу жаңы ыкмаларды үйрөнүп турам. Бардык буюмдарды айыл эли баалап сатып алышат. Тизеге чейин түйүлгөн байпактар 350 сомдон, андан кыскарагы 250, байпактар 150, ал эми кичинекей балдардыкы 100, 150 сомдон сатылат. Бул иш аркылуу кошумча киреше таап жатам. Келечекте 3-4 жардамчы алып, өзүмө окшогон жаш келиндерге жардам берип, токулган буюмдарды сатуу үчүн чакан дүкөн ачууну пландап жатам.»

Бакытбек кызы Айзада бир кыздын апасы.

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова