Ишкер айым жасаган азем буюмдарын Японияга жөнөтөт

28

Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт.

Өзүнүн айтымында, ал жылына 150 миң сомго чейин киреше табаарын айтты:

 

«Мен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөм, кийин Шор-Булак айылына келин болдум. 2004-жылдан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенип баштадым. Аны айылдагы эжелерден эле үйрөндүм, таенем чебер киши болгондуктан да бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Үй-бүлөлүк бюджетке өз салымымды кошкум келгендиктен бул иш менен алектенип калдым. Жүндөн түрдүү азем белектерди жасап, аларды жумушунун татаалдыгына жараша 150 сомдон 300 сомго чейин баалап сатам. Жасаган азем белектерди Японияга жөнөтөбүз. Өзүм «Бир айыл — бир продукт» ассоциациясынын мүчөсү болуп эмгектенем. Япониядан буйрутма түшкөндө биз жасап беребиз. Азем белектерди көбүнчө туристтер сатып алат. Бир айда 100гө чейин азем белек жасайм. Активдүү иштесем жылына 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин киреше табам. Эми үйдө бош отурган аялдардын баарын жумушка тартууну, үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүүнү пландам жатам. Эми жасаган азем белектерди бир гана Японияга эмес башка дагы өлкөлөргө сатууну максат кылып жатам.»

Анын эки уул, бир кызы бар.

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова