2018-жылга бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болду

241

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Бул тууралуу айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев буларды билдирди:

“Биз жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угууда 2018-жылы аткарыла турган иштерди эл менен бирге талкууладык. 2018-жылга аткарыла турган иштерди  пландоо айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып түзүлгөн”.

Бул коомдук угууга көптөгөн айыл тургундары келип, 2018-жылы аткарыла турган иштер боюнча маалымат алышып, өздөрүнүн суроолорун беришти.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова