Жергетал айылында райондук олимпиада өткөрүлдү

280

Нарын райондук предметтер аралык олимпиада 2017-жылдын 25- декабрында Жергетал айылынын Асанбек  Табалдиев атындагы орто  мектебинде өткөрүлдү. Жалпысынан 32 мектеп катышышты. Алардын ичинен татыктуулары орундарга ээ болушту. Олимпиаданын өтүлүшү боюнча Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Акматалиевич төмөнкүлөрдү  айтып  өттү:

«Нарын району 5 өрөөнгө бөлүнгөн. Ал жактан өрөөндүк олимпиадалар өткөрүлүп, 1-2-орунду камсыз кылган окуучуларыбыз бүгүн райондук олимпиадага катышып  жатышат. Жалпысынан 10 предметтен ат салышат. Бизде орус класстардан, гимназия, лицейлерден келген окуучулар жок. 3-4 жылдан бери райондук олимпиадага өзгөчө  талаптар коюлуп, таза өтүшүнө аракет кылуудабыз. Нарын облусу боюнча жалпысынан 20 окуучу республикалык олимпиадага катыша алышат. Алардын  ичинен алдынкы орундарга ээ болгон окуучулар бар. Мен бардык окуучуларга ийгилик каалайм».

Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айбек кызы Нестан бүгүн англис тили сабагынан катышууда. Райондук олимпиада жакшы деӊгээлде өтүп жаткандыгын айтты:

«Мен бүгүн англис тили сабагынан катышып жатам. Жалпысынан 10-класстардан 12 окуучу, ал эми 11-класстардан 8 окуучу менен таймашып жатабыз. Бардыгы мыкты  деӊгээлде даярданып келишиптир. Мен бардык атаандаштарыма ийгилик, өзүмө жеӊиш каалайм.»

Алыш орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Махабат Курманова мындай деди:

«Биздин мектептен өрөөндүк турдан 5 окуучу чыккан. Ал окуучулар физика, кыргыз тили, орус тили, география, тарых сабактары боюнча райондук олимпиадада таймашып жатышат. Биздин окуучулар бүгүнкү турга абдан жакшы даярданышты. Бүгүнкү таймашта күчтүүлөрдүн күчтүүсү жеӊсин».

Жолдош Саламатов атындагы орто мектебинен 10-классынын окуучусу Кылымбек  Рашов кыргыз тили сабагынан келди. Бүгүнкү таймашка жакшы даярдыкта келгендигин айтты:

«Кыргыз тили сабагы боюнча бүгүн жалпы 20 окуучу келиптир. Алардын он тогузу кыз, бири мен. Атаандаштарым аябай жакшы денгээлде келишиптир. Бардык  окуучуларга ийгилик!»

Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышат.       

Даярдагандар: Мээрим  Жумабекова, Гүлипа  Амангелдиева, Нурай  Эсенгулова