Кара- Талаада «Атанын тагдыры» спектакли коюлат

346

Кара- Талаа айылында «Атанын тагдыры» спектакли жакынкы арада коюлушу күтүлүүдө. Бул спектакль драмалык ийримдин жетекчиси Алтынкүл Молдосанова тарабынан сунушталып, аткаруу милдети 7-класстын окуучуларына милдеттендирилген.

Бул тууралуу ийримдин жетекчиси Алтынкүл Молдосанова айтып берди:

«Мага бул ой келгенден бери кайсы класстын окуучуларын тандасам деп ойлондум. Андан соң өзүм сабак берген жана жакшы тааныган 7-класстарын тандап алдым. Учурда 1 жумада 3 жолу даярданып, жакынкы арада коелу деп турабыз. Бул чыгармачыл топ эки класстан тандалып жалпы 11 окуучуну түздү».

Ийримдин катышуучусу Элнур Узакова спектаклде аткара турган ролу тууралуу айтып берди:

«Драм куржокту Алтынкүл Молдосанова жетектейт. Мен эжей жетектеген ийримде бир жылдан бери активдүү катышканга аракет кылам. Ал эми боло турчу спектаклдеги ролум Майраш. Мен бул ийримге киргенден бери өзүм билбеген таланттарымды ачып, эл алдына чыгуудан коркпой калдым. Мен дагы ошол сыяктуу ийримдер көп болуп турушун каалайт элем».

Буга чейин Алтынкүл Молдосанованын эжейдин даярдоосу менен көптөгөн спектаклдер коюлуп келген. Мындан ары да ушул сыяктуу драмалар жана жомоктор коюларын драмалык ийримдин жетекчиси баса белгиледи.

Даярдагандар: Айдай Узакова, Үмүтай Аттокурова