Сары- Булуңда жаңы жылдык майрам шаңдуу өттү

52

Тогуз- Торо районунун Сары- Булуң айылында 2017-жылдын 31-декабрында жаңы жылдык кече болуп өттү.

Бул иш- чараны айылдын жаштар бирикмеси уюштуруп, айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин  эсебинен 3000(үч миң) сом акча каражаты каралган. Жаңы жылдык кечеге айыл тургундары жана Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты катышты.

Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соң  айыл өкмөт башчысы 2017-жылда аткарылган иштер тууралуу элге кыскача маалымат берди. Кара-Суу айылына калкты ичүүчү суу менен камсыз кылып, өз демилгеси менен суу чыгарып бергендиги үчүн Бегимбай Чотуров “Ардак грамота” менен сыйланды.

Андан соң лотерея ойнотулуп, көптөгөн белектер таратылды. Келген элдер белектерди утуп алышып, жагымдуу маанай менен үйлөрүнө кайтышты.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова