Таластын тургуну Жапонияда билим алып жатат

293

Таластын Жонарык айылынын тургуну Мелис Сариев учурда Жапонияда тил мектебинде билим алып жатат.

      Аудио: Таластын тургуну Жапонияда иштеп жатат

— Мен Сариев Мелис Талас шаарындагы Жонарык айылында  1997-жылы төрөлгөм. Учурда Жапонияда Фукуока шаарында тил мектебинде окуйм, мектептен тышкары газета таратып иштеймин. Мен башында Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунда окугам, андан соң Аниме аттуу мультфильмди көрүп кызыгуулар пайда болду. Жапон тилин үйрөнүп азыр окуп жатам. Мага башында Бишкек шаарындагы  тил жана маданият борбору Жапониядагы окуу жайына төлөнүүчү каражатты каржылап беришкен, андан соң өзүм иштеп учурда өзүмдү өзүм каржылап жатам. Мага Жапониядагы билим берүү министирлигинен 30 миң иен стипендия берилет. Негизинен эле менин алдыга койгон максатым — маалыматтык технологиялар жагына жогорку окуу жайга өтүү. Кыргызстанга максатыма жеткен соң кайтып барам.  Албетте Кыргызстанды абдан сагындым жана бардык кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм, ушул келе жаткан жаңы жыл жакшылыктардын жылы болсун.

Даярдаган: Толгонай Тимурова