Суусамыр айылында баскетбол таймашы ѳттү

80

Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ 12-декабрда баскетбол боюнча оюн ѳттү. Анда өрөөндөгү эки мектепти окуучулары таймашты.

Суусамырдагы баскетбол боюнча таймашка Мырзакматов жана Конушбаев атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары катышты. Жыйынтыгында Конушбаев мектеби жеңишке жетишти.

Жеңүүчү болгон мектептин дене тарбия мугалими, машыктыруучу Эрлан Эмилбек уулу:

– Ѳрѳѳндүк баскетбол боюнча мелдеш жылда болот. Негизи, башында класстар арасынан болот дагы, алардын утканы ѳрѳѳндүк оюнга даярданат. Жеңишке жеткен команда районго жолдомо алат. Дайыма жакшы даярданабыз, бизде дене тарбия сабагы боюнча эки мугалим кызмат кылабыз. Бүгүнкү оюнда 1-орунду балдар дагы жана кыздар дагы алып отурабыз.

Ал эми атаандаштарынан жеңилип калган Мырзакматов атындагы орто мектептин оюнчусу Таштемир Жекшенов:

– Даярдык жакшы болбогондуктан утулуп калдык. Убактыбыз болбой, аз эле машыктык. «Беш кол тең эмес» дегендей күчтүүлѳр утуп кетти.

Жеңүүчү команданын капитаны Элдияр Жаркынбек уулу:

– Баскетбол таймашына бир айдан бери даярданып жатканбыз. Жумасына эки жолу эки сааттан болуп жатты. Ал эми атаандашыбызды уттук, кийинки кезек райондогу оюн. Орун алып келебиз деген ишеничтебиз.

Баскетболдо оюнчулар атаандашынын тегерек кутусуна топту кол менен ыргытып түшүрүшѳт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнѳздѳлѳт.

Даярдаган: Ачыкова Умсунай