Талас: Азамат Султанбек уулунун бөйрөгүн алмаштырууга 2 млн сом керек

452

Талас шаарына караштуу Бекмолдо айылынын тугуну Азамат Султанбек уулуна бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 2 млн сом керек. Ага Түркияда операция жасалаары күтүлүп жатат.

      Аудио: Азамат Султанбек уулунун бөйрөгүн алмаштырууга 2 млн сом керек

Азамат Султанбек уулу:
— Мен эң биринчиден Тамадалар ордосуна чоң рахмат айтмакчымын. Себеби азыркы болуп жаткан кайрымдуулук марафонун да Тамадалар ордосу өткөрүп берип жатат. Талас элине да чоң рахматымды айтам.

Тамадалар ордосунун мүчөсү Сүймөнкул:

— Биз, тамадалар ордосу, буга чейин да кайрымдуулук иштерди жасап келгенбиз. Учурда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепке чоң ыраазычылык билдиребиз. Себеби ушул марафонду бекер өткөзүп берип жатат. Ал эми баалары боюнча айта кетсем, негизинен бул Түркияда өтүлүүчү операцияга 2 млн сом каражат керектелет. Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 70 миң сом жана 15 кой, 3 тай, 1 жылкы берилди. А бүгүнкү болуп жаткан марафондон 19 миң сом топтолду. Ал эми азыр 262 миң сом бар. Дагы бир айта кетчү нерсе — биз «Жер үйгө» дагы көптөгөн кайрылууларды жазадык, бирок дагы эле жооп ала албай жатабыз. Жооп келет деген үмүттөбүз.

Ушул эле Тамадалар ордосунун жетекчиси Мелис Жумагулов:

Биз көп жылдардан бери эле кайрымдуулык кылып келебиз. Бизге жардам көрсөткөн Талас элине жана «Медиа мост» радиосуна чоң рахматымды айтмакчымын.

Жардамын аябаган кайрымдуу адамдар, Султанбек уулу Азаматка окшогон адамдарга жардам берсеңиздер болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай