Тасмада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык сабак өтүлдү

1437

Түп районуна караштуу Тасма айылында 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саатка Асан Сопиев мектебинин 2-класстагы окуучулары катышты.

Аталган сабакка мугалимдер жана ата-энелер дагы чакырылды.

Тарбиялык саатка күбө болгон мугалим Үмүт Бейшембиеванын айтымында, иш чара жакшы деңгелде өткөзүлүп, окуучулар активдүү катышты.

«Бүгүнкү өтүлгөн тарбиялык саат окуучуларга таасирдүү болду. Окуучулары кичине болсо дагы аракет кылып, эмгектерди жараткан экен. Окуучулардын аткаруучулук жөндөмдүүлүктөрү жакшы экен. Биз билбеген табышмактардан айтышты, ата-энелер табышты», — деп токтолду Бейшембиева.

Ал эми тарбиялык саатка катышкан 2-классынын окуучусу Адеми Шайдаркунова:

— Бүгүнкү ачык сабак жакты. Мугалимдердин астында корккон жокмун. Ачык сабакта активдүү катыша алдым.


Даярдагандар: Гүлбайра Кубаныч кызы, Аяна Элеманова
Редакор: Нуржанат Советбек кызы