Таласта бөлмө гүлдөрүн саткан дүкөн ачылды

91

Талас шаарында биринчи жолу бөлмө гүлдөрүн саткан дүкөн ачылды. Дүкөндүн жетекчиси Кубан Дүйшөнбековду кепке тарттык.

      Аудио: Таласта бөлмө гүлдөрүн саткан дүкөн ачылды

Гүл саткан дүкөндүн мүдүрү Кубан Дүйшөнбеков:

– Негизинен эле Талас шаарына бөлмө гүлдөрүн ачууга мага гулдөрдү сүйгөн байкем түрткү берди десем болот. Себеби ал гүл алуу учун Бишкекке барып алчу, анан дайыма  Таласта да ушундай бөлмө гүлдөрүн саткан жер болсо деп айтаар эле. Ошондуктан байкемдин жана элдердин каалосу боюнча мен ушул дүкөндү ачтым. Биз гүлдөрдү Голландиядан алып келебиз. Кышкы убакта 15 күндө бир, ал эми жайкысын жети күндө бир. Бизде гүлдөрдүн баасы 50 сомдон 5000 сомго чейин жетет. Ал эми гүлдөрдүн баасы жайкыга караганда кышкысын 50 сомго кымбаттайт. Бизге келген кардарлардын баары чоң кызыгуулар менен кайтышууда. Кардарлар уктоочу бөлмөгө кандай гүлдөрдү койсок болот деген суроолорду көп беришет. Бирок мен үктоочу бөлмөгө гүл койбой койгон туура деп айтаар элем. Себеби гүлдөр күндүз кычкылтекти бөлүп чыгарса, ал эми кечкисин көмүр кычкыл газын чыгарат. Ошондуктан гүлдөрдү башка бөлмөлөргө койгонуңуз оң. Алдыда дагы бизде Талас шаары үчүн чоң пландар бар.

Даярдаган: Тимурова Толгонай