Окуучулар аймактык олимпиадага катышып келишти

105

Тоң районунунун Кара-Талаа  айылындагы Болот Алаков орто мектебинде  окуучулар бардык сабактар боюнча  аймактык олимпиадага катышып келишти.Олимпиада Кара-Коо айылында болду.

 

 Информатика мугалими Чынара Исаева төмөндөгүлөрдү айтып берди;

«Олимпиадага өзүм сабак берген эки окуучумду даярдагам. Информатика мугалими болгондуктан,өзүм даярдаган окуучуларыма компьютер технологиясы боюнча окутуп,атайын кошумча сабактарга чакырам.Окуучуларым берген тапшырмаларды өз убагында аткарышат. Андан сырткары алгебра сабагынан дагы окуучуларымды даярдайм. Жылда ийгиликтерге жетишип келебиз. Быйылкы олимпиада дагы эки окуучум тең экинчи орунду багындырып, районго өтүштү.Бул мен үчүн эң жакшы жетишкендик.»

Аймактык олимпиадага барып катышып келген Баатырбек кызы Сыргажан төмдөгүлөргө токтолду;

«Олимпиадага жылда катышам. Мурунку жылы кыргыз-тили сабагынан барып6 анда дагы 2-орунду багындыргам.Быйыл дагы алгебра сабагынан барып 2-орунду ээледим. Олимпиадагы жакшы даярдангам. Ар бир окуучу мектепте жакшы ийгиликтерге жетишине тилектешмин. Мени даярдаган мугалимиме ыраазычылык билдирем.»

Окуучулар алдыдагы райондук олимпиадага жакшы даярданып, өз мектебинин атын дагы бир жолу көтөрөбүз деп үмүттөнүшөт.

Даярдагандар; Үмүтай Аттокурова