Кара-Талаа айылында спортзал салынууда

285

Тоң районундагы Кара-Талаа айылында спортзал салынууда. Аны «Кумтөр» ишканасы каржылап жатат.

«Кумтөр» компаниясы 1997-2015-жылдар аралыгында Ысык-Көл облусундагы соиалдык муктаждыктарды жоюуга көмөк көрсөтүп келет. Алардын бири катары Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков мектебинде салынып аткан спорт залды атоого болот.

Спортзалдын курулушу тууралуу мектептин дене тарбия мугалими Дайырбек Алаков:

— Мектепте мурда балдар үчүн спортзал болгон эмес. Аба ырайы суук болуп калган учурларда окуучулар ойнобой калышчу. Мектептер арасындагы спартакиадалар көбүнчө спортзалда болот. Эшикте машыккандар менен зал ичинде ойноп жүргөндүн айырмасы бар. Мелдештерде оюндан ошол себептүү кыйынчылыктар жаралат. Спортзал бардык шарттары менен салынып жатат. Жакын арада ишке киргизип, окуучулар спортзалда ойноп калышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова