Талас шаарындагы «Баластан» борбору

391

Талас шаарында Кабылбек Коңурбаев атындагы балдарга билим берүүчү «Баластан» борбору иштейт. Борбордо билим алгандардын арасында чет мамлекеттерге чыгып, ийгиликтерди багынткандар бар.

      Аудио: Талас шаарындагы Баластан борбору

«Баластан» борборунун директору Чолпон Сарыгулова:

— Балдарга билим берүү мекемесинде миңдеген окуучулар бар. Алардын арасынан ден соолугу жагынан начар же көп бир тууган, жетишпеген жашоодо жашагандар акча төлөшпөй окушат. Мисалы, бизде баары миң окуучу окуса алардын арасынан эки жүздөйү гана акча төлөп окушат. Бизде көптөгөн ийгиликке жетишкен окуучулардын саны арбын. Алардын арасынан «Даткайым» бий тобу ар кандай сыйлыктарга жетишип, Түркия жана Кипрге барып фестивалдарга катышып келишкен.

«Баластан» борборунда жапон тилинен сабак берген Таалай:

— Менин кичинемден эле максатым — сабак берүү болчу. Мага өзүмдүн кесибим жана Кыргызыстан абдан жагат.

Кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан Манас сабагы да «Баластанда» бар. Манас таануу сабагын Анарбек Жумалиев агай өтөт.

— Манас таануу сабагы баардык окуучуларга керек деп ойлойм, себеби Манас атаны тааныбай коюуга болбос. Учурда окуучулардын саны он чакты, келген окуучулардын баары чоң ийгиликтерге жетишип кызыгуу менен окушат.

Даярдаган: Тимурова Толгонай