Кызыл-Жылдыз айылындагы майыптарга жардам көрсөтүлдү

242

Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы маданият үйүндө 8-декабрь күнү айыл өкмөтү тарабынан 3-декабрь “Майыптар күнүнө» карата  “Жашоодо болсун кубаныч” деген темада чакан иш-чара өткөзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Бул тууралуу “Кара-Чий” мультимедиа борборуна Чечейбаева атындагы маданият үйүнүн кызматкери Гүлнара Сулайманова билдирди.

“Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көңүлүн көтөрүп, жашоого болгон үмүтүн жандандыруу максатында чакан иш чара өткөрүп жатабыз. Ошону менен бирге аз дагы болсо материалдык жардам бердик. Аларга атайын сый тамак уюштурдук жана мектеп окуучулары тарабынан чакан концерттик программа тартууладык.”

Айылда 12 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Аларга жыл сайын көңүл бөлүнүп, материалдык жардамдар көрсөтүлүп турат.

Даярдаган: Аман Шаршенбеков