Барскоондук окуучулар аймактык олимпиадага катышып келишти

Жети-Өгүз районунунун Барскоон айылындагы 7,8,9,10,11-классынын окуучулары баардык предметтерден аймактык олимпиадага катышып келишти.

      Аудио: Барскоондук окуучулар аймактык олимпиадага катышып келишти

Барскоон айылындагы Эшмамбет Кендирбаев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назгүл Арыкбаева:

— Мен окуучумду жогорку эле деңгээлде даярдагам деп ойлойм. Канат менин ийгиликке жетишкен биринчи окуучум. Былтыр дагы Канат экөөбүз облустук көркөм окуудан көп окуучунун ичинен 3-орунду алганбыз. Канат абдан жоопкерчиликтуу бала, айткан, берген тапшырмамдын баарын так аткарып келет.

Аймактык олимпидага кыргыз тили сабагынын катышып келген Канат Садыков аз убакыт ичинде даярданганы тууралуу  буларды айтты:

— Мен бул кыргыз тилин тандаганымдын себеби — биринчи кыргыз тили сабагынан берген Назгул эжейим колдоо көрсөттү. Анан өзүм кыргыз тили жана адабият сабагына кызыгам, ушул нерсе эле себеп болду го деп ойлойм. Эми убакыт аз болуп калды. Бирок аз болсо дагы баарына даярданганга жетиштим. Олимпиада учурунда мен билбеген суроолор келген жок, бардыгын эле билдим. Бирок мен күтпөгөн сурооолор келди.

Окуучулар алдыдагы райондук олимпиадага жакшы даярданып, өз мектебинин атын дагы бир жолу көтөрөбүз деп үмүттөнүшөт. Мугалимдер алдыда дагы көп эмгектенүү керек дешет.

Сюжетти даярдагандар: Нуриза Нурбекова, Эржан Эрнис уулу.