Жаңы-Талап айылында кайрымдуулук декадасы жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы Байымбет орто мектебинде кайрымдуулук кылуу боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп,  кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.

Мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын айтымында, иш-чара окуучуларды кайрымдуу болууга тарбиялоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо жана ден соолукту даңазалоо максатында өткөрүлгөн. Декада “Ден соолук өмүр булагы, дем берсин бизге бул дагы” деп аталып, ага окуучулар менен мугалимдерден тышкары айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери дагы катышты.

Ошондой эле айыл тургундарына акция өткөрүлдү. Акциянын негизинде чогулган 3324 сом акча каражаты мектеп жашындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тогуз балага таратылып берилди.

Даярдаган: А. Байтерекова