Барскоондун жаш тургуну Айжамал «Жеңишбек» поэмасын жазды

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 11-класста окуган Айжамал Асанбекова «Жеӊишбек» аттуу поэма жазды. Өз чыгармасында ал кыргыздардын басып өткөн жолу жана кыйынчылыктардан кантип чыгуусу тууралуу жазган.

      Аудио: Барскоондун жаш тургуну Айжамал поэма жазды

Айжамал бала кезинен эле чыгармачылыкты сүйүп талантын өнүктүрүп келет.

— «Жеӊишбек» поэмасында согуш учуру, атадан балага болгон сүйүү чагылдырылган. Ошол себептенби, айтор абдан таасирлендим. Негизи мен балачагымдан эле ыр жазууга кызыгам. Баардыгы эле ыр жаза бербейт деп ойлойм. Ар бир адамдын тубаса таланты болсо керек.

Барскоон айылынын Эшмамбет Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучусу  Чынарбек Үсөков классташы Айжамал ыр жазуудан башка дил баян, эссе жазып жалаӊ «5» деген баага окуурун билдирди.

— Айжамал ар тараптуу киши. Ал көп жактардан шыгы бар. Ал негизи эле кыргыз тил, адабият сабагына кызыгат. Классташым мектепте өзүн алып жүрүүсү эӊ жакшы, абдан жакшы, тартиптүү, ыймандуу кыз.

Барскоон орто мектебинде көп жылдар бою кыргыз тили жана адабият сабагынан берген мугалими Карыбай кызы Жыпар өзүнүн окуучусу таланттуу, жөндөмдүү экендигин айтып өттү.

— Асанбекова Айжжамал жөнүндө сыймыктанып айта алам. Себеби Айжамал менин окучум. Азыркы тапта 11-класста окуп жатат. Айжамал өзү таланттуу, жөндөмдүү окуучум десем болот. Мектептеги мен алып барган сахна ийриминин мучөсү. Ыр жазгандан тышкары актердук чеберчилиги да өтө күчтүү. Кандай гана көркөм чыгарма болбосун ошону ийне-жибине чейин айтып бере алат. Ал эми ыр жазуусуна келсек, ар бир сабак сайын өзүнө жакан чыгармасына, каарманына өзүнүн ой толгосун ыр түрүндө жазып келүүгө аракет кылат. Ыр жазуу акындыгын таштабай Айжамал улантып кетсе эмне үчүн акын-жазуучу чыкпасын.

Айжамалдын талантын жана күнү-түнү талыкпай эмгектенгенин ачыкка чыгаргыбыз келди. Анын классташтары жана эжейлери көптөгөн жакшы сөздөрдү айтып ийгиликтерди каалашты. Айжамалга ийгилик каалайбыз.

Сюжетти даярдаган жана алып барган: Алтынбек Эминказиев жана Назик Казиева.