«Ак илбристи коргоо» күнүнө арналган сынак өттү

«Ак илбристи коргоо» күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү сынак Сырт өрөөнүндөгү Сары Жазда уюштурулду. Ага үч айыл өкмөтүнөн катышышты.

Сынактын максаты – жоголуп бара жаткан жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана коруктарды сактоо болуп саналат. Анда ар кандай сценкалар, ырлар, сатиралар коюлду.

      Аудио: Ак илбристи коргоо күнүнө арналган сынак өттү

Барскоон айылындагы «Каракол уздары» коомдук уюумунун жетекчиси Токтугүл Асылбекова:

– Бул сынактын максаты – жапайы жаныбарларды коргоо. Дүйнө жүзү боюнча жоголуп бара жаткан ак илбирсти коргоо максатында 2013-жылы 23-октябрда башталган. Ошондон бери “Ак илбирс күнү” уюштурулуп келүүдө. Бул сынакка негизи мектеп окуучулары, кичинекей балдар жана ата-энелер катыша алышат.

«Ак илбирсти коргоо» сынагына барып, сахнага чыгып ырдап, роль ойноп берген Анвар Эрмеков:

– 2017-жылдын октябрь айында Сары Жаздагы «Ак илбирсти коргоо» иш-чарасында ар кандай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргойлу дедик. Анан ак илбирстин тукуму жоголуп бараткан мезгили. Ошондуктан бул сынакты жылдан жылга уланусун каалайм. Мен биринчиден жаратылышты коргоодо каракчыларга, аңчыларга айтар элем, коруктарды жана жаныбарларды тукум курут кылбагыла.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 280 ак илбирс бар.

Сюжетти даярдагандар: Нуртегин Кусеинов, Малика Муканмедиева.