Барскоондо «Адептүү бала» аттуу ачык сабак болуп өттү

Барскоон айылындагы Эшмамбет Кендирбаев орто мектебиниде 8-декабрда «Адептүү бала» аттуу ачык сабак болуп өттү. Ага 4-класстын балдар-кыздары, ата-энелери жана мугалимдери катышты.

      Аудио: Барскоондо ачык сабак болуп өттү

Ачык сабак «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата тарбиялык мааниде болду. Балдар, кыздар эки топко бөлүнүп «Ак терек жана Кок терек» командасы болуп ат салышышты. Жыйынтыгында кыздар күчтүүрөөк болуп маарага биринчи келишти.

Аталган мектептин башталгыч класстарынын музыка сабагынын мугалими Нурзат Сыдыгалиева:

— Быйыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылы болгондуктан балдар «Адептуу бала» деген темада жомок, ыр, бий, «Манас» айтуу аткарды. Бул иш-чаранын өтүшүнө мен өзүм түрткү болдум деп айтсам болот. Мен көптөн бери ушул ачык сабакты өткүм келип жүргөн. Менин оюмча, иш-чара жакшы өттү.

Иш-чарага катышкан 4-классынын окуучусу Жанат Садыков:

— Мен бүгүнкү иш-чарадан жакшы таасир алдым. «Ак терек» командасы кыздар, «Көк терек» командасы балдар болду. Биз жакшы ойнодук, бирок кыздар тогуз, балдар сегиз болгондуктан кыздар күчтүү болуп утуп кетишти.

Иш-чарага калыстык кылган музыка сабагы мугалими Нават Белекбаева:

— Балдар эки топко бөлүнүп, өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ыр, бий, жомокторунун баарын жакшы аткарышты. Балдардын сахнада өзүн-өзү алып жүрүүсү, аткаруучулук чеберчилиги каралды. Жыйынтыгында кыздар утушту. Менимче иш-чара мыкты, жогорку деңгээлде болуп өттү.

Сюжетти даярдагандар: Нуриза Нурбекова, Эржан Эрнис уулу.