Талас: “AIDA арт” кыргыз кийимдер дүкөнү

44

Талас шаарында алгачкы жолу кыргыз улуттук кийимдерин саткан дүкөн ачылды. Дүкөндүн жетекчиси Бактыгүл Садырова менен болгон маекти сунуштайбыз.

      Аудио: Таластагы кыргыз кийимдер дүкөнү

Талас шаарында кыргыз улуттук кийимдерин саткан “AIDA арт” дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Анын жетекчиси Бактыгүл Садырованы кепке тарттык:

– Талас шаарында ушул убакытка чейин кыргыз кийимдерин саткан дүкөн жок болчу, ошого байланыштуу мен Бишкек шаарындагы “AIDA арт” фирмасы менен он жылдык келишим түзүп, учурда иштешип жатам. Негизинен эле келген кардарлардын баары эле мурун көрбөптүрбүз деген кызыгуулар менен кайтышууда. Биздин ачылганыбызга 7 ай болду, кыргызча көйнөктөрдүн жана чермейлердин түрүн сатабыз. “AIDA арт” фирмасы менен бир гана мен эмес Роза Отунбаева, Асел Кадырбекова жана дагы биздин белгилүү инсандарыбыз иштешет. Ал эми сапат жагынан айтсам эң жакшы, анткени көйнөктүн кездемелери Дубай жана Индиядан түз алынып келинет. Ал эми саймалар жибек жип менен сайылат жана чет өлкөлөргө да экспорттолот. Алдыда дагы элдин сунушу менен пальто жана кече көйнөктөрү келет. Негизинен эле айтылат “Адамдын көркү чупүрөк” деп. Ошондуктан канчалык баасы кымбат болсо да сапаты жогору болгондуктан ар бир адамды кош көңүл калтырбайт десем болот.

Даярдаган: Толгонай Тимурова