Үч-Коргондук Абдурахим республикалык сынакта «Алтын үн» аталды

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылынын жаш тургуну Абдурахим Мыйманов вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа утуп алды.

Үч-Коргон айылынын тургуну Абдурахим Мыйманов «Милиционер байке» сынагына катышып, район, облустук турларды багындырып, республикалык турга катышкан.

Анда милиционердин иштерин бир метрлик пластилин макет менен көрсөтүп берген. Жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон. Вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү машина уткан.

“Мен кичинекейимден пластилинден ар түрдүү оюнчуктарды жасап келем. Апам мага жакындан жардам берет. Мындан сырткары ырдап, сүрөт тартамын”, – деди Абдурахим.

Анын эң алгачкы жасаган оюнчугу чайнек менен бокал болгон. Бара-бара татаал нерселерди да жасай баштаган. Учурда көлөмүнө карабай жаныбар, үй, адам, унаа сыяктуу нерселерди жасай алат.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.