Кара-Талаа айылында санжыра китеби жарык көрдү

31

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын тургуну Кусейин Керимкожоев санжыра китебин түзүп чыкты.

Санжырачы Кусеин Керимкожоев китеп тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мен жети ата жөнүндө сөз болгондон баштап, Кудайменде атанын санжырасын чогултууга кириштим. Көптөгөн китептерди чогултуп, таанышкандан кийин, өзүбүздүн айылды баштап, маалыматтарды топтоюн деген ой келди дагы, Кудайменденин сакалдууларынан сураштырдым. Эки жарым жыл убакыт чогулттум. Жардам бергендер: Акунов Арстан, Турсунакунов Эркинбек, Догдурбек уулу Эрлан. Китепти өз чөнтөгүмдөн каржыладым. Китепти чыгарган максатым – ар бир улан өзүнүн ата-тегин билиши керек.

Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова, Жаңылай Тилекова.