Кара-Талаа айылында окуучулар жана мугалимдер бирдиктүү форма кийүүгө өтүштү

40

Республикалык масштабда баардык мектептерде бирдиктүү форма кийилүүдө. Форма жогорку жана кичине класстардын окуучуларына ылайыкталып тигилген жана мугалимдер үчүн дагы атайын бирдиктүү форма чыккан.

Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков орто мектебинин мугалимдери менен окуучулары толугу менен бирдикүү формага өтүштү.

Айыл тургуну Дүйшөн Мамытов:

– Жаңы мектеп формасы чыкканы абдан эле жакшы болду. Бир чети өтө да кымбат эмес, ата-энелердин чөнтөгүнө да ылайыктуу.

Тынчтыкбек Ашымов, айыл тургуну:

– Мектепте биринчиден тартип андан кийин эле форма. Бул бир чети бирдей көрүнсө, экинчиси кооз да көрүнөт. Мурдагыдай бирдей болуп жүрүшөт. Мугалимдердин формасы да өздөрүнө жарашыптыр, мугалим мугалимдей, окуучу окуучудай көрүнөт. Буга менин көз карашым түз эле.

Болот Алаков орто мектебинин мугалими Динара Шейшеканова:

– Менин мектеп формасына болгон көз карашым абдан жакшы. Сыртта да, класс ичинде да бирдей көрүнүп, мектептеги атмосфера абдан жакшы.

Учурда Болот Алаков мектеби толук бойдон форма менен камсыз болду.

Даярдагандар: Сымбат Сабырова, Үмүтай Аттокурова.