Салтуу билимдер: Жаа атуу

325

Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын жаш жеткинчектерине кыргыздын унутулуп бара жаткан жаа атуу өнөрүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу Куттубек Эсенов келип үйрөттү.

Куттубек Эсенов Талас облусунун Өзгөрүш айылында жашайт. Ал жаа атуу өнөрүн окуучуларына дагы үйрөтүп келет.

«Менин окуучуларым Таласта көп эле, өзүмдүн айылымда Нурсейит Сайыткеров Көчмөндөр оюндарында 2-орунду алган», — деди ал.

Ал жаа атуудан тышкары саяпкерлик кылаарын кошумчалады.

«Аны менен кошо мүнүшкөрлүк менен да алек болом. Жаш балдар мүнүшкөрлүк деген эмне экенин, бүркүт таптоо, куш таптоо деген нерселерди билбей калышыпасын деп ушул иш менен алектенип жатам», — деп токтолду Эсенов.

Жаалардын түрү боюнча сураганыбызда:

— Көп спорттук жаалар бар, бирок аларды атууга болбойт. Биздин улуттук жааларды жасаган жаш усталар бар. Ошолор жазаган жааларды колдонобуз.

Даярдагандар: Орозбекова Аяна, Өскөнова Эркайым, Медербекова Сайкал, Болотбеков Айдар, Оморбекова Аяна.