Сары-Булуңда маалыматтык күркө ачылды

83

“Таза коом” долбоорунун алкагында Кара-Суу байланыш бөлүмүнө маалыматтык күркө коюлду. Иштөө үчүн сынак уюштурулуп, оператор тандалып алынды.

Маалыматтык күркөнүн оператору болуп Анара Маметова кабыл алынды. Анын айтымында, аталган бөлүмдөн туулгандыгын, никелешүүнүн, аталыгын аныктоо; мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү жана кайталап берүү, жарандык паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алуу; идентификациялык номерлерди ыйгарууга арыздар кабыл алынып, жарандарга кызмат көрсөтүлөт.

Бирок Сары-Булуң айыл аймагында интернет байланышы жакшы кармабагандыктан, киоскалардын иштеши үчүн жабдыктар толук коюлуп, интернет байланышы даяр болгонго чейин убактылуу токтоп турат.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова