Таластагы “Эконом” супермаркети

67

Талас шаарында супермаркеттердин саны арбын. Алардын ичинен өзүнүн ыңгайлуулугу менен жана арзандыгы менен айырмаланып турган маркеттердин бири бул “Эконом”.

      Аудио: Таластагы Эконом супермаркети

Себеби анда азык-түлүктөрдүн баасы базар баасынан бир кыйла арзан. Бул тууралуу кененирээк маалыматы “Эконом” маркетинин жетекчиси Бексултан буларга токтолду.

– Аты айтып тургандай “Эконом” супермаркетинде баардыгы үнөмдүү. Негизинен эле маркеттин ачылганына бир жыл болду. Биздин максатыбыз – Талас элине кызмат кылуу жана элди арзан баадагы азык-түлүктөр менен камсыз кылуу. Алдыда чоңойобуз деген үмүттөр бар.

“Талас элинин супер маркеттерге болгон көз караштары кандай?” деген суроо боюнча биз “Эконом” маркетинде соода кылып жүргөн Бурул эжеге кайрылдык.

– Мен бааларына деле көп басым жасабайм бир гана мага жакканы – тазалыгы жана сапаты.

Албетте баарыбыз эле биринчиден таза жана ыңгайлуу жерлерден соода кылганды жакшы көрөбүз. Ошол талаптардын баарына жооп берген “Эконом” супермаркетине барып эң төмөн баада соода кылып кетсеңиздер болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай