Айылдын активистери Сары-Булуңдун тургундарынын ден соолугуна кам көрүүдө

53

Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде Тогуз-Торо району боюнча калк менен иштөөчү адис Айбек Жеңишов айыл активистери менен биргеликте тренинг өткөрдү.

Калк менен иштөөчү адис Жеңишов:

– SPRING долбоору тамактанууну жакшыртууга арналган дүйнөлүк деңгээлдеги тамак-аш тармагындагы өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жаны ыкмаларды колдонуу долбоору. Бою өспөй калуу жана бала менен энелердин аз кандуулугун алдын алуу боюнча көмөк көрсөтөт.

Тренингдин жүрүшүндө фолий кычкылы: суу пайда болот, балдар ыйлаак болот, 30-45 жашка жеткенде залакасы тиет, 2 жашка чейинки балдарга таттуу азыктарды бербөө тууралу түшүндүрмө берилди.

Айылдын 13 активисти куралды. Курамында мектеп жамааты, ден соолук комитеттери, бала бакча кызматкерлери бар. Көйгөйдүн алдын алуу, чечүү жолу, тосколдуктарды жоюу боюнча кеп кылышты. Айылдын активистери Кара-Суу айылынын картасын чийип, участокторго бөлүп, адамдарга милдеттендирилди.

Бир айда бир жолу окуу өтүп, алган маалыматты айыл тургундарына өз убагында жеткирүү сунушталды. Жыйынтыгында жамааттын башчылыгына А.Султаналиева шайланды.

Даярдаган: А. Мааметова