Талас шаарындагы “Датка” сулуулук комплекси

61

Ар бир эле адамдын оюна “Канткенде сулуу боло алам?” деген суроо келиши мүмкүн. Ал үчүн эч убакытыңызды коротпой өз сулуулугуңузду көрктөндүрүү үчүн үй шартында же болбосо убакытты үнөмдөп сулуулук салондоруна кайрылсаңыз болот.

Мисалга алсак, Талас шаарындагы “Датка” комплексинде өз ден соолугуңуздан баштап, сырткы келбетиңизге чейин сулуулап, ажарыныздарды ачып кетсеңиздер болот.

      Аудио: Сулуулук дүйнөнү сактайт

Датка комплексинин кожойкеси Роза Исаева:

– “Датка” комплексинде тырмагыңдын учунан баштап чачтын учуна чейин жасалгалоочу бөлүмдөрү бар. Ар бөлүм өз кызматын так жана канааттандырарлык аткарат, келген кардарларды көңүлкош калтырбайт.

Ал эми макияж жасоочу бөлүмүндө Айнура Эрдешбаева макияж жана татуаждын түрлөрүн жасап эмгектенет. Анын сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганына он жыл болду. Ал адамдын сулуулугун касметика менен жабып салбай, тескерисинче косметика менен көрктөндүрүүгө аракеттенет.

“Датка” комплексинин чач жасалгалоочу бөлүмүндө эмгектенген Гандира Кудайбергенованын айтымында, эң кымбат чач жасалгалоо 1500 сом турат. Ал эми чач кырктыруу 150 сом.

Ал жерде ден соолукту чыңдоочу фито бочка бар жана тамыр кармап даарылоочу эжекелер эмгектенет. Бул массаж жасоо 10 күнгө 7000 сом. Ал массаж жасоонун ичинде бардык дарылоочу каражаттар кирет жана эң маанилүүсү мындай каражаттар бир гана Датка комплексинде бар.

Даярдаган: Тимурова Толгонай