Баетовдо ардагер мугалим мектепке өздүк китептерин белекке берди

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Бейшеналиев атындагы орто мектебинин китепканасына 200гө жакын мугалимдер үчүн методикалык жана адабий китептерди белекке тапшырды.

Эженин айтымында, азыркы жаш мугалимдерге берилген китептер методикалык жардам болот. Анткени балдарга талаптагыдай билим берүү үчүн изденүү керек. Ал эми изденүү жалгыз эле интернет менен чектелбейт.

– Бул китептер үйдө тургандан көрө керекке жарасын. Азыркы жаш мугалимдер жалкоо. Эптеп эле сабак берип кетүүгө шашат. А бирок ошол 45 мүнөт баланын келечеги үчүн маанилүү экенин ойлогулары келишпейт.

Шакен эженин агалары бүт мугалим. Аларды тааныгандар “мугалимдердин династиясы” деп айтышканын кошумчалады. Ал жарым кылымдык өмүрүн агартуу тармагына арнаган.

Даярдаган: Г. Мамытбекова