Талас шаарында мончо мезгили ачылды

71

Талас шаарында мончо бизнеси өнүгүүдө. Бир убакытта жүздөн ашык кардарга кызмат көрсөткөн мончолор саналуу болсо, бөлмө-мончо бизнеси менен иштеп акча тапкандардын саны арбын.

      Аудио: Талас шаарында мончо мезгили ачылды

Талас шаары боюнча бир нече чоң мончо иштесе, кичи бөлмөлүү мончолордун саны шаар боюнча ондон ашат. Мончо сезону күз мезгилинде башталып, жаз мезгилине чейин уланат.

Арыков Нурдин, “Достук” мончосунун ээси:

– Мурда ылайыктуу заманбап мончо Талас боюнча жок болчу. Ошол себептен 5 жыл мурун биз өнөктөшүм Талант экөөбүз мончо курууну чечкенбиз. Биздин мончо саат 9:00дан кечки 23:00гө чейин кызмат кылат. Кардарлар үчүн ар кандай шарттар түзүлгөн. Мисалы: жылуу пол, кафе-бар, бассейн, пиллиңдин түрлөрү, массаж бөлмөсү жана сулуулук бөлмөсү бар. Дагы бир өзгөчөлүгү – пенсионерлер жана согуш ардагерлери үчүн шейшемби жана шаршемби күндөрү 50% арзандатуу. Андан тышкары мончодо кичи кабиналуу мончолор иштейт, бир жарым саатына 250 сом. Кудай буйруса жазында дагы бир жаңы мончо куралы деп пландап жатабыз.

“Муслим” мончосу

“Муслим” мончосу 4 жылдан ашык элге кызмат кылууда, бул мончонун өзгөчөлүгү – онго жакын бөлмөлүү мончолорду камтыйт. Эркин Айталиев аталган мончонун башчысы. Анын айтымында, ар бир бөлмөнүн баасы ар башка, квадратурага жараша.

– Бул мончо атайын мусулмандар үчүн ылайыкташтырылган. 2013-жылдан баштап иштеп келе жатабыз. Биз үй-бүлөлөр үчүн ылайык болсун деп, 3-4 адам бата турган бөлмөлүк мончо курганбыз. Баасы киши башына 50 сомдон 80 сомго чейин.

“Эламан” мончосу

Атын атагысы келбеген “Эламан” мончосунун ээсинин айтымында, бул жерде башкалардан айрымаланып дааратканасы, намазканасы жана душ бөлмөсү бар.

“Эламан мончосу 7-8 жылдан бери иштеп келе жатат. Баасы 100 сомдон. Мончобуз чакан, үч кызматкер тейлейт.”

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова, Зоотбек Ботукеев