Кызыл-Жылдыз айылында спорттук эстафета болду

185

Ушул жылдын 22-ноябрында Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынындагы Иманалиев орто мектепте 6-класстар арасында «Спорт — ден соолуктун булагы» деген  темада эстафета оюну болуп өттү. Ал эстафетага окучулар жана ата-энелер катышышты.

Бул тууралуу “Кара-Чий” мультимедиа борборуна М.Иманалиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Марат Абдраев билдирди.

“Биз окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте эстафета оюнун өттүк. Биздин максат — ден соолукту чыңдоо жана жаштарды ар кандай кылмыш иштерине барбоого багыттоо. Бул мелдеште коптогон оюндар ойнолуп, окуучулардын жана ата-энелердин маанайы көтөрүлдү деп ойлойм.”

Даярдаган: Аман Шаршенбеков