Кыргыз киносунун жаралган күнү

81

17-ноябрь күнү кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. 73 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө.

Кыргыз киносунун тарыхы 1941-жылы түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү “Кыргызфильм” киностудиясы менен тыгыз байланышкан.

      Аудио: Кыргыз киносунун жаралган күнү

1967-жылы Талас шаарында Кырк-Чоро кинотеатыры курулуп бүтүп ишке берилген. Ошол күндөн тарта кинотеатр үзгүлтүксүз иштеп келе жатат.

Кырк-Чоро кинотеатырынын жетекчиси Андарбек Майылбековдун айтымында, кино көрүүчүлөрдүн көбүн жаштар катмары түзөт.

“Аксакалдар көп келишпейт, алар үчүн биз атайын майрамдарда бекер кино көрсөтөбүз. Мисалы алганда Ата мекендик согушутун эмгек ардагелери үчүн жана ошондой эле пенсионерлерге дагы белек катары карылар күнүнө карата кирүү бекер.”

Кырк-Чоро кинотеатыры

Кыргызстандын киноисскуствону жараткан бардык инсандарды майрамы менен куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова