Кара-Талаа айылынын мугалимдери ЖРТ боюнча окутуудан өткөрүлдү

53

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын мугалимдери “Секом” билим берүү борборуна барып окуп келишти. Иш чараны «Кумтөр оперейтинг» компаниясы каржылады.

Бул иш чарага жеке эле Кара-Талаа айылынын мугалимдери эмес, Тоң району боюнча мектептерден мугалимдер барышты. Окуу бир жумага созулуп, чейректик каникулдун убагында болуп өттү.

Секом билим берүү борборунан окуп келген химия мугалими Кабылбек Шаршеев:

– Биз биринчиден ЖРТнын тестине бардык. Бул тесттен көп жыйынтык чыгарууга болот. Окуучулардын же болбосо абитуриенттердин келечектеги кесибин кандай тандоо керек. Ошол кесипке карата кошумча сабактарды тандоо, экинчиси ата-энелердин тест боюнча түшүнүктөрү тайкы, ошондуктан ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Үчүнчүдөн окуучулардын айрыкча 10-11-класстардын окуучуларынын ЖРТ боюнча түшүнүктөрү аз, көңүл бурушпайт ошондуктан, бүтүрүүчү класттар менен тест деген эмне, аны кандай аткарыш керек, канткенде жогорку максималдуу балга жетиш керек? Ушул суроолордун айланасында окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жана практикалык текшерүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Сабак учурунда байланыштырып, айкалыштырып өтсөк да болот, бирок айрым мугалимдерде негизги материалды жеткире албай калам деген коркунучтары бар. Ошондуктан сабак учурунда толук колдонулбай калат, негизгиситүштөн кийинки убакта, бул масалени толугу менен чечсе болот. “Секомго” баргандын эки максаты бар. Биринчиси уюмдун келген адамдарга же окуучуларга, жакшы сапаттуу билим берейин десе бул жакшы. Ал эми экинчи максаты акча табуу эле болсо анда бул жыйынтык бербейт. Ошондуктан “Секомдун” тести менен ЖРТнын тестинин ортосунда өтө чоң айырмачылык бар. Биз окуп келгенден кийин окуучуларды убара кылбай, окуп келген мугалимдер өзүбүз эле бул программаны чечүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Болот Алаков, окуучу:

– Биз, албетте, 11-классты бүткөндөн кийин ЖРТдан жогорку балл алуу үчүн баарыбыз тең болгон күчүбүздү жумшап аракет кылабыз. Бирок үйдөн өз алдынча окубаган себептүү, кошумча сабактарга барып, мугалимдерден сабак алууга муктажбыз. Канча жылдан бери салттуу түрдө бүтүрүүчүлөр “Секомго” барып билим алып келишчү. Былтыр тесттен биздин мектеп жана 3-4 мектеп пилоттук түрдө өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу мугалимдер барып келди. Акчанын баарын коротуп убакытты бекер өткөрүп, шаарга барып отурбай эле окуп келген мугалимдерден билим алган ыңгайлуу деп ойлойм.

Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай, Узакова Айдай